06.06.2019 14:44

Жарандык активист Амантур Жамгырчиевди кармап кетишти

Жарандык активист Амантур Жамгырчиевди кармап кетишти

Жарандык активисттердин бири, «Айкөл - Ала-Тоо» коомунун лидери Амантур Жамгырчиевди шаардык милиция кыска мөөнөткө кармап, кайра кое берди. Окуянын тасмасы социалдык тармактарда жарыяланды.  

Жамгырчиевдин айтымында, ал бүгүн он чакты санаалаштары менен Ош базарынын аймагында кетип баратышкан. Колдорунда жарандарды 8-июнда өтө турчу «Коррупцияга каршы реалдуу күрөш» митингине катышууга үндөгөн плакаттар болгон. Шлагбаумдун жанынан аларды милиция кармап, жанындагы дагы бир жаран экөөнү Биринчи Май районунун №5 бөлүмүнө алып келишкен.

Анын айтымында, флешмоб катышуучулары тарабынан эч кандай коомдук тартипти, же мыйзам бузуу болгон эмес. Бөлүмдө ага түшүнүк кат жаздырышып, кайра кое беришкен.